• 87.86
  • 93.94
  • 1

Кыргызстандык Илим Карыпбеков дүйнө чокусу Эверестти багындырды — видео

Коом 0

Бишкек, 24.05.24. /Кабар/. Кыргызстандык Илим Карыпбеков дүйнө чокусу Эверестти багындырды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Карыпбеков өзүнүн постунда бул анын жашоосундагы эң чоң максат-кыялдардын бири гана эмес, өтө чоң жоопкерчилик болгонун белгилеген.

"Дүйнө чокусу ийгиликтүү кабыл алып, аман эсен кетирди! Бул менин жашоомдун эң чоң максат-кыялдарымдын бири эле эмес, өтө чоң жоопкерчилик эле. Чокуга жетпей кырсыктап калсам, балдарым, жакындарымдын алдында жоопкерчилик. Желекти чыгарам деп убада берип коюп, чыгара албай калсам эл алдында, демөөрчүлөр алдында, президент алдында жоопкерчилик.

Жоопкерчиликтүү даярданып, бирок аба ырайынын айынан, өмүр-жашоо сызыгына чейин келип, 8350-8400 метр бийиктикке чыгып, жете албай кайтып келдим.

4-5 күн даярданып, чоң сыноолордон өтүп, кайра аттанып, мунусун жол ийгиликтүү болду. Баарын шашпай айтып берем. Колдооңорго ыраазымын! Бул текстти Эверест негизги жатагынан Катмандуга тик учак менен учуп баратып жазып жатам. Көрүшкөнчө!", - деп жазган ал.

Пикир

Оставить комментарий