• 87.86
  • 93.94
  • 1

"Кыргыз почтасы" ААК дүйнөлүк рейтингде 98-орундан 29-орунга көтөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 24.05.24. /Кабар/. "Кыргыз почтасы" ААК акыркы үч жылда дүйнөлүк рейтингде 98-орундан 29-орунга көтөрүлдү. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Кыргыз почтасы" ААК Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун эл аралык бюросунун бешинчи деңгээлдеги 172 мүчө өлкөлөрдүн арасынан 29-орунду ээлеп, Дүйнөлүк почта союзуна мүчө өлкөлөрдүн почта администрацияларынын почталык өнүгүү рейтингинде олуттуу ийгиликтерге жетишти.

2020-жылы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы бул рейтингде 98-орунду ээлесе, 2021-жылы — 65-орунга, ал эми 2022-жылы — 60-орунга көтөрүлгөн. Ошентип, акыркы үч жылда "Кыргыз почтасы" 98-орундан 29-орунга көтөрүлдү.

"Бул маанилүү натыйжа биздин системалуу аракеттерибиздин жана почта инфраструктурасын активдүү модернизациялоонун аркасында мүмкүн болду, ошондой эле тейлөөнү жакшыртууга, почта жөнөтмөлөрүн тездетип жеткирүүгө жана "Кыргыз почтасы" ААКнун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган көптөгөн жаңы долбоорлор ишке киргизилди", - деп айтылат ишкананын маалыматында.

Трансчек аралык электрондук сооданы өнүктүрүү жана эл аралык почта алмашууну өткөрүүнү тездетүү үчүн Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын почта кызматтарынын транспорт каражаттары үчүн «жашыл коридор» түзүлгөн. Эл аралык почта жөнөтмөлөрүн тез жана натыйжалуу жеткирүүнү камсыз кылуу үчүн Германия, Австрия, Эстония, Латвияда эл аралык алмашуу жайынын чет өлкөдөгү өкүлчүлүгүнүн ачылышы болду.

Ошондой эле электрондук коммерция товарларынын почта жөнөтүүлөрүнүн өсүп жаткан көлөмүн натыйжалуу иштеп чыгуу жана кардарларды тейлөөнүн жогорку сапатын камсыз кылуу үчүн "Кыргыз почтасы" ААК маалыматтык технологиялар жаатында жигердүү иш алып барууда, бул "Кыргыз почтасы" ААК базасында ички санариптик автоматташтырылган системаларды киргизүүнү камсыздады.

Пикир

Оставить комментарий