• 87.86
  • 93.94
  • 1

Ошто "Шер" атайын багыттагы отрядынын түзүлгөндүгүнүн 22 жылдыгы белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 25.05.24. /Кабар/. Бүгүн Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин №7703 аскер бөлүгүнүн “ШЕР” атайын багыттагы отрядынын түзүлгөндүгүнүн 22 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өттү.

Иш-чарага Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, коргоо министринин орун басары - Түштүк Батыш оперативдүү командачылыгынын кол башчысы полковник Алмазбек Карасартов, президенттин Ош облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын алкагында жаңы спорт залынын ачылышы болуп, "Шер" атайын багыттагы отрядынын өзгөчөлөнгөн кызматкерлерине Ардак грамоталар менен жана ыраазычылык баракчалар тапшырылды. Ошондой эле аскердик курамынын жүрүшү өттү.

Пикир

Оставить комментарий