• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Элди ынтымакка чакырган. Жалал-Абадда стрит-арт граффити сүрөтү тартылды

Аймак 0

Бишкек, 11.06.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы Жусуп Абдрахманов көчөсүнө улуттар аралык мамилени бекемдеген стрит-арт граффити сүрөтү тартылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сүрөттү шаардагы жаштар демилгелеп, калаа башчысы Эрнисбек Ормоковдун колдоосу менен тартылган.

Сүрөт “биз көп улуттуу элбиз, ар түрдүү инсандарбыз, бирок биримдикте биз бардык кыйынчылыктарды жеңе алабыз” деген философиялык маанини адамдарга жеткирүү максатында тартылган.

Белгилей кетүүчү жагдай, Жалал-Абад шаарында биринчи жолу QR код менен сүрөттөн маалыматтарды окуганга шарт жаралды.

Алдыда жаштардын демилгелүү тобу көп кабаттуу үйлөрдүн дубалдарына да, элди ынтымакка чакырган сүрөттөрдү тартууну пландап жатышат.

Пикир

Оставить комментарий