• 87.86
  • 93.94
  • 1

Салык кызматы сатуу салыгы боюнча отчеттун формаларын жөнөкөйлөштүрдү

Экономика 0

Бишкек, 24.05.24. /Кабар/. Салык төлөөчүлөрдүн отчет тапшыруусун жеңилдетүү үчүн сатуудан алынуучу салык боюнча отчеттун формалары жаңыланды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы формалар 2024-жылдын 1-июлунан башталган отчеттук мезгил үчүн жарактуу болот.

Сатуудан алынуучу салык боюнча отчеттун жеткиликтүү формаларынын саны экиге чейин кыскарды. Чакан жана ири ишкердик үчүн FORM STI-129 жана орто ишкердик үчүн FORM STI-130 формалары жеткиликтүү.

Отчет менен ыңгайлуу иштөө үчүн формалардын түзүмү оптималдаштырылды.

Ачылуучу тизмеден керектүү ставканы тандоодо салыктын суммасын автоматтык түрдө эсептөө боюнча функция ишке киргизилди. Бир нече ставкаларды колдонуу үчүн "Кошуу" баскычын басып кошумча сап кошууга болот.

Орто ишкердик субъекти үчүн отчеттун формасында кошумча маалыматтарды киргизүү үчүн мурда зарыл болгон тиркеме алынып салынган.

Белгилей кетсек, сатуудан алынуучу салык боюнча отчет салык органына электрондук түрдө cabinet.salyk.kg сайтында салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу берилет.

Sti.gov.kg сайтындагы "Отчеттордун формалары" бөлүмүнө кирип, сатуу салыгы боюнча отчетту толтуруу тартиби менен кененирээк таанышууга болот.

Пикир

Оставить комментарий