• 87.86
  • 93.94
  • 1

Министрлер кабинетинин төрагасы Ашхабад шаарына иш сапары менен келди

Өкмөт 0

Бишкек, 24.05.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 24-майда өтө турган КМШ өлкөлөрүнүн Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Ашхабад шаарына келди.

Министрлер кабинетинин башчысы КМШ Өкмөт башчыларынын кеңешинин тар жана кеңири чөйрөдөгү жыйындарына катышат. Мындан тышкары, эки тараптуу бир катар жолугушууларды өткөрүү пландалган.

Пикир

Оставить комментарий