• 87.86
  • 93.94
  • 1

Бишкектеги №8 бала бакчанын кошумча корпусун куруу иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 24.05.24. /Кабар/. Бишкектеги №8 бала бакчанын кошумча корпусун куруу иштери уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Чокморов көчөсү, 253 дарегинде жайгашкан бала бакчанын кошумча корпусу эки кабаттуу, 160 орунга ылайыкталган. Имараттын жалпы аянты 987,90 чарчы метрди түзөт.

Долбоор боюнча имаратта уктоочу бөлмөлөр, оюн-зоок, жуунуу бөлмөлөрү, медициналык кабинет, кызматкерлердин бөлмөсү, музыкалык-гимнастикалык зал каралган.

Учурда имараттын айланасына тосмолорду орнотуу, электр монтаждоо, жылытуу, ички жана сырткы жумуштары жүрүүдө.

Андан тышкары, балдар аянтчасын куруу иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий