• 87.86
  • 93.94
  • 1

Жалал-Абадда ачылган завод саатына 80 тонна асфальт чыгарууда

Аймак 0

Бишкек, 24.05.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында курулган асфальт-бетон заводу иштеп жатат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, завод саатына 80 тонна асфальт чыгарып, өндүрүлгөн асфальт шаар көчөлөрүнө төшөлүүдө.

Эскерте салсак, 2023-жылы Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд сомдун эсебинен 111,54 млн сомго аталган завод курулуп, 4 даана "Шахман" үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу, 1 даана "Портер" үлгүсүндөгү автоунаа сатып алынган.

Учурда мэриянын Жол башкармалыгынын техникалык базасы чыңдалып, шаар көчөлөрүнө өз күчү менен асфальт төшөп жатат.

Пикир

Оставить комментарий