• 87.86
  • 93.94
  • 1

Нарын облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 24.05.24. /Кабар/. Нарын облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, кырсык 24-майда түнкү саат 03:39да катталып, анын күчү Жумгал районунун Миң-Куш айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөнүн очогу Миң-Куш айылынан түштүк-чыгышка карай 11 чакырым, Ак-Булак айылынан түштүк-чыгышка карай 12 чакырым, Кош-Булак айылынан түндүк-батышка карай 18 чакырым аралыкта жайгашкан.

Алдын ала маалыматка караганда, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий