• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Аламүдүн суусуна түшүп кеткен 1 жашар кызды издөө уланууда

Кырсык 0

Бишкек, 27.07.23. /Кабар/. Аламүдүн суусуна түшүп кеткен 1 жашар кызды издөө уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-июлда Аламүдүн капчыгайынын эс алуу жайында 2022-жылы туулган С. кызы К. аттуу кыз Аламүдүн суусуна түшүп кеткен.

Кызды издөө иштери уланууда. 26-июлда кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулду. Натыйжа болгон жок. Бүгүн, 27-июлда издөө иштери улантылат.

Пикир

Оставить комментарий