• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ош облусунун аймагында жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 23.02.23. /Кабар/. Ош облусунун аймагында жер титиреди.Бул тууралуу Кыргызстандын Сейсмология институтунун маалыматына таянып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 23-февралда саат 06:37де Тажикстандын аймагында очогунда күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Тажикстандагы жердин силкинүүсү Ош облусунун Алай районундагы Бор-Дөбө айылында 4,5 балл, Нура жана Эркештам айылдарында 4 баллга чейин сезилген.

Такталган маалымат боюнча, Кыргызстанда жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий