• 87.86
  • 93.94
  • 1

ЖК депутаттары 42 курулуш компаниясына алданган үлүшчүлөр менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 24.05.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев жана Эрулан Кокулов 42 курулуш компаниясына алданган үлүшчүлөр менен жолугушту.

Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда алданган үлүшчүлөрдүн талылуу маселелери талкууланып, ал көйгөлөрдү чечүүнүн мындан аркы механизмин иштеп чыгуу каралды.

Жыйында алданган үлүшчүлөр боюнча түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча системалуу иштер жүргүзүлүп жатканы айтылды. Депутаттар менен үлүшчүлөр ар бир турак үйдүн учурдагы абалын кеңири талкуулашты.

"Маселе абдан олуттуу, мамлекеттик органдар бул көйгөйдү дыкат иликтеп жатышат. Биз да маселени көзөмөлгө алдык", - деп белгилешти депутаттар.

Белгилей кетсек, иш-чарага укук коргоо органдарынын өкүлдөрү да катышты.

Пикир

Оставить комментарий