• 87.86
  • 93.94
  • 1

Баткен облусунда багбандар үчүн илимий-практикалык фестиваль өтөт

Аймак 0

Бишкек, 24.05.24. /Кабар/. 1-июнда Кадамжай районунун Жаңы-Коргон айылында "Багбандар күнү - Кадамжайга саякат" аттуу илимий-практикалык фестиваль өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Белгиленгендей, аталган иш-чаранын максаты интенсивдүү багбанчылык технологиясы боюнча түптөлгөн алма багын көрсөтүү, жер үлүштөрүн натыйжалуу пайдалануу көндүмдөрүн калыптандыруу, айылдык үй-бүлөлөрдүн туруктуу кирешесин жогорулатуу болуп саналат.

Ага кыргызстандык жана чет өлкөлүк багбандар, Жогорку Кеңештин депутаттары, элчиликтердин, эл аралык жана коомдук уюмдардын, финансылык институттардын жана инвестициялык фонддордун, транспорттук-логистикалык компаниялардын өкүлдөрү, агрардык ЖОЖдордун студенттери, министрликтердин жана алардын аймактык башкармалыктарынын кызматкерлери, жеке инвесторлор катышат.

Фестивалда окумуштуулар жана агрономдор сабак өтүп, алманын жогорку түшүмдүү сортторун өстүрүү, дарактарды туура бутоо ыкмаларын көрсөтүшүп, катышуучуларды бакчаларды органикалык жер семирткичтер менен азыктандыруунун жылдык программасы жана тамчылатып сугаруунун заманбап жана сапаттуу системалары менен тааныштырышат.

Мындан тышкары, айыл чарба өндүрүшүнүн негизги жана көмөкчү каражаттарынын көргөзмөсү уюштурулат. Ошондой эле дыйкандар инвесторлор жана каржы уюмдары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Иш-чарага катышууну каалагандар шилтеме аркылуу кирип, каттала алышат.

Пикир

Оставить комментарий