• 87.86
  • 93.94
  • 1

Кыргызстандык окуучу эл аралык сынактын суперфиналына чыкты

Коом 0

Бишкек, 24.05.24. /Кабар/. Кыргызстандык окуучу Айтурган Рысбекова "Живая классика" жаш окурмандар эл аралык сынагынын суперфиналына өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, суперфиналга Кыргызстан, Беларусь, Америка Кошмо Штаттары, Түркмөнстан жана Нидерланддан 5 окуучу өткөн. Сынактын суперфиналы 2024-жылдын 8-июнунда Москва шаарында өтөт.

Эл аралык сынактын финалына Кыргыстандагы Улуттук баскычтын төмөндөгү жеңүүчүлөрү катышкан:

– Санира Мурзабекова, Бишкек шаарындагы №12 мектеп-гимназиясынын 10-классынын окучусу;

– Бегимай Адылбекова, Бишкек шаарындагы №24 мектеп-гимназиясынын 9-классынын окучусу;

– Айтурган Рысбекова, Бакай-Ата районунун Д.Дүйшебаев атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу;

– Узар Ишенов, Жети-Өгүз районунун Б.Укуев атындагы орто мектебинин 5-классынын окуучусу.

Пикир

Оставить комментарий