• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Сабалган окуучунун окуясы. Мектеп директору жана инспектор иштен алынды

Коом 0

Бишкек, 15.10.18./Кабар/. Жакында эле 9-класстын эки окуучусу сегизинчи класстын окуучусун сабаган №47 мектептин директору иштен алынды. Бул тууралуу Бишкек мэринин кеңешчиси Гуля Алманбетова билдирди.

Анын айтымында, ошондой эле вице-мэр Асел Куланбаева менен калаа мэриясынын билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейирмановага катуу сөгүш жарыяланды. Андан тышкары милициянын өспүрүмдөр менен иштеген инспектору жумуштан алынган.

Эске сала кетсек, 12-октябрда Бишкектеги №47 мектепте 9-класстын эки окуучусу сегизинчи класстын окуучусун сабашкан. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.

Белгилей кетсек, окуучу баланын сабалгандыгы тууралуу маалыматтар жабыркаган баланын апасына шилтеме берүү менен Facebook түйүнүндө пайда болгон. Анда балага баш мээсинен жарака алып, оозу жырылып, мурду сынган деген диагноз коюшкандыгы айтылган. Жабырлануучу ооруканада жатат.

Пикир

Оставить комментарий