• 87.86
  • 93.94
  • 1

Кыргызстанда чакан жана орто ишканалар үчүн соцтөлөмдөр 12%га чейин төмөндөтүлөт

Экономика 0

Бишкек, 23.05.24. / Кабар/. Кыргызстанда чакан жана орто ишканалар үчүн социалдык төлөмдөр 12%га чейин төмөндөтүлөт. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ишканалардын социалдык төлөмдөрү учурда 27%ды түзөт. Жумуш берүүчү бүгүнкү күндө кызматкери үчүн соцфондго 17 пайыз төлөсө, ал эми кызматкерлерд 10% төлөйт. Эми социалдык төлөмдөр 12%га түшсө ишканалар 2% гана которот.

“Ишканалар үчүн социалдык төлөмдөр 27 пайыздан 12 пайызга чейин түшүрүлгөнү жатат. Эми жумуш берүүчүлөр 2% гана төлөй тургандыктан айлыктар конверт менен берилбей калат деп ишенебиз. Бул мамлекет тарабынан чоң колдоо деп ойлойм. Бул мыйзамды министрлер кабинети Жогорку Кеңешке жөнөттү. Комитеттерде каралып бүттү, эми 1-окууга киргизилет”, - деди Алиев.

Соцфонддун төрагасы билдиргендей, учурда өлкөдө 900 миңдей киши соцтөлөмдөрдү төлөбөйт. Тариф азайтылып жаткандыктан, социалдык төлөмдөрдү чегергендер көбөйөт деп боолголонууда.

“Биздин жарандар пенсияларды Европа мамлекеттерине салыштыра беришет. Ал жакта социалдык төлөмдөрдү төлөө маданияты бийик. Алар жумуш берүүчүлөрдөн айлыктарын конверт менен алышпайт. Стаж керек деп пенсияны ойлошот. Социалдык төлөмдөрдү төлөп турса, кийин пенсияны ошого жараша алат”, - деди Бактияр Алиев.

Социалдык фонддун жетекчиси акыркы 3 жылда дээрлик КМШда пенсия көтөрүү боюнча Кыргызстан алдыда келатканын айтты.

“Биз 3 жыл аралыгында пенсияны жашоо минимумуна жеткирип жатабыз. КМШда жашоо минимумуна жеткирген өлкө жок”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий