1-октябрдан тарта пенсионерлер колуна 6900 сомдон кем эмес пенсия ала баштайт – Соцфонд

Экономика 0

Бишкек, 23.05.24. / Кабар/. 1-октябрдан тарта пенсионерлер колуна 6900 сомдон кем эмес пенсия ала баштайт. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, пенсия эки этап менен көтөрүлөт. Биринчиси 1-июлдан баштап, мында бардык пенсиянын базалык бөлүгү 3500 сомго жеткирилет. Ал эми 2-этабында пенсия 6900 сомдон кем болбойт.

“Кыргызстанда 1-майга карата 779 миң пенсионер бар. Алардын 80 миңге жакынынын пенсиясынын базалык бөлүгү 3170 сомду түзөт. Пропорционалдуу түрдө эсептелгенде, аялдардын стажысы 20 жыл, эркектердики 25 жыл болуш керек. Эми пенсионерлердин базалык бөлүгү теңделип, пенсия 3 миң 500дөн кем болбойт. 1-октябрга карата пенсионерлердин саны 787 миң 500 болот деп күтүп жатабыз. Алардын бардыгынын пенсиясы көтөрүлөт. Учурда 1 миң, 1 миң 500, 2 миң сом өлчөмүндөгү пенсиялар бар. Пенсиялардын бардыгы 6 миң 900 сомго жеткирилет”, - деди ал.

Бактияр Алиев белгилегендей, пенсияларды көбөйтүү иш-аракеттери 3 жылдан бери жүргүзүлүп келет. 2022-жылы пенсия 1-октябрда 33%га көтөрүлгөндө кошумча 20 млрд сом керектелди. Ал эми 2023-жылы пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 38%га жогорулатканда ага да кошумча 20 млрд сом сарпталды. Быйылкы жылдын 1-октябрынан баштап пенсия көтөрүлгөндө кошумча 20 млрд сом керектелет.

“Ошондо биз 3 жылга жалпысынан 60 млрд сом короткон болобуз. Муну менен биз пенсияны жашоо минимумуна жеткирип жатабыз”, - деди Соцфонддун төрагасы.

Пикир

Оставить комментарий