• 87.86
  • 93.94
  • 1

Талас шаарында “Мекен артык өмүрдөн” аттуу концерт өттү

Аймак 0

Бишкек, 23.05.24. /Кабар/. Талас шаарында “Мекен артык өмүрдөн” аттуу концерт болуп өттү.

Коргоо министрлигинен билдиришкендей, концерт Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын жана КР Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөн күнүнүн урматына министрлик тарабынан уюштурулду.

Концертке КР Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук армия үйүнүн, Регионалдык Армия үйүнүн жана Коргоо министрлигинин Өзүнчө аскердик көрсөтмөлүү оркестринин өздүк курамы катышты.

Концерттик программа 5-июнга чейин Кыргызстандын бүт облустарында өткөрүлмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий