• 87.86
  • 93.94
  • 1

Акылбек Жапаров “Береке” тиркемесинин бет ачарына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 23.05.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Айыл Банк” ачык акционердик коомунун “Береке” жаңы мобилдик банкинг тиркемесинин бет ачарына катышты.

Банктык тиркеме президенттин тапшырмасы боюнча Мамлекеттик салык кызматынын колдоосу менен чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү үчүн иштелип чыккан.

Министрлер кабинетинин төрагасы өлкөнү өнүктүрүү үчүн инновациялык технологиялык чечимдерди колдонуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Анын айтымында, бул мобилдик тиркеме ишкерлерге өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө ыңгайлуу болот.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 1-июлунан тартып патенттин негизиндеги соода иштери токтотулат. Бул мөөнөткө чейин патент менен соода жүргүзгөн ишкерлер, эң ылайыктуу салык режимин, тагыраагы 15 млн сомго чейинки кирешелер үчүн 0% ставкасы менен болгон жөнөкөйлөштүрүлгөн бирдиктүү салыктын негизиндеги салык системасын же жалпы салык салуу режимин тандап алышы керек.

Министрлер кабинетинин төрагасы өлкөдө жүргүзүлүп жаткан фискалдык саясатка токтолуп, өлкөдө накталай эмес төлөмдөрдүн көлөмүн көбөйтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

“Береке” тиркемесинин артыкчылыктары: салык кызматына жана банктарга баруудагы убакытты үнөмдөө, салыктык милдеттенмелерди онлайн режиминде толук башкаруу, чакан жана орто бизнес үчүн уникалдуу жана зарыл тиркеме.

Пикир

Оставить комментарий