• 87.86
  • 93.94
  • 1

Сүлүктү шаарында 4,2 млн сомго жаштар аллеясы курулду — сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 25.05.24. /Кабар/. Сүлүктү шаарында "Жаш Тилек" жаштар аллеясы салтанаттуу түрдө пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага мэр Болот Абдыжапаров баштаган жергиликтүү жетекчилер жана шаар тургундары катышты.

Аллея шаардын муниципалдык багынын аймагында курулган. Анда 210 метрге асфальт төшөлүп, таштанды урналары менен 15 отургуч, түнкү жарыктандыруу жана арка орнотулган. Ошондой эле 80ден ашуун ийне жалбырактуу көчөттөр отургузулган.

Курулушка жалпы 4,2 млн сом жумшалган. Анын ичинен 3 млн 670 миң сому Баткен облусун өнүктүрүү фондунан, 518миң сому жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланган.

Пикир

Оставить комментарий