• 87.86
  • 93.94
  • 1

Бишкекте татар жана башкыр элдеринин Сабантуй майрамы өттү - сүрөт

Маданият 0

Бишкек, 25.05.24. /Акназик ТургунбаеваКабар/. Бүгүн Бишкекте татар-башкыр элдеринин жазгы талаа иштеринин аякташына арналган улуттук Сабантуй майрамы өттү. Иш-чара "Туган Тел" маданий борборунун колдоосу менен ишке ашырылган.

Майрамдык салтанатка өлкөдөгү маданият жана спорт тармагынын, бизнес чөйрөсүнүн, Кыргызстандын жана Казакстандын татар диаспораларынын жана Кыргызстан элинин ассамблеясынын өкүлдөрү катышты.

Сабантуй майрамы Татарстандан келген артисттердин коштоосунда өтүп, коноктор үчүн "Дуслык" хорунун оюну, улуттук күрөш боюнча "Кореш" мелдеши жана башка спорттук оюндар жана сынактар менен коштолду.

Мындан тышкары, татар элинин көргөзмөсү уюштурулуп, ага аталган элдин улуттук сувенирлери, кол өнөрчүлүк буюмдары, таттуулар жана суусундуктары, татар чак-чактары коюлду.

Сабантуй татар жана башкыр элдеринин улуттук майрамы. Ал эки элдин каада-салттарын, ырларын, бийлерин, ырым-жырымдарын бириктирет. 2002-жылдан бери майрам расмий түрдө ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастарынын тизмесине киргизилген.

Атай кетсек, 2022-жылдагы расмий маалымат боюнча өлкө аймагында 25 миңден ашуун татар улутунун өкүлдөрү жашайт.

Маалымат үчүн: “Сабантуй” деген аталыш түрк тилдеринен келип чыккан. “Сабан” – соко жана “туй” – той. Мурда жазгы талаа жумуштарынын башталышынын урматына белгиленип келсе, азыр анын аякташына карата белгиленип келет.

Пикир

Оставить комментарий