• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто "Боорукердик" үй-интернатындагы улгайган жарандар медициналык кароодон өттү

Аймак 0

Бишкек, 08.05.12. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарындагы "Боорукердик" үй-интернатындагы улгайган жарандар медициналык кароодон өтүштү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, улуу муундун өкүлдөрүнө социалдык жардам катары акысыз рецепттер жазылып, кошумча медициналык камсыздандыруу пакети боюнча дары-дармектер берилди.

Андан тышкары, аларга массаж, диагностикалык УЗИ, ЭКГ кызматтары көрсөтүлүп, кардиолог, невропатолог, гинеколог, уролог, эндокринолог, терапевт дарыгерлери профилактикалык-дарылоону жүргүзүштү.

Белгилей кетсек, "Боорукердик" үй-интернатында учурда 27 улгайган жаран (15 эркек, 12 аял) жашайт.

Аталган иш-чара Ош шаарынын мэриясы, “Саламат” клиникасы, Республикалык "Аялдар кеңеши" коомдук бирикмесинин Оштогу өкүлчүлүгү менен биргеликте өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий