• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто талапка жооп бербеген, мыйзамсыз сырткы жарнактарды алып салуу иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 28-март /Кабар/. Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев протоколдук тапшырмасынын негизинде Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жарнак бөлүмү мыйзамсыз курулуштарды алып салуу бөлүмү менен биргеликте 27-март күнү Ош шаарынын Кукумбий, Осмонов, Абдыкадыров жана Амир-Тимур көчөлөрүндөгү мыйзамсыз жайгаштырылган жана эскирип талаптарга жооп бербеген сырткы жарнактарды алып салуу иштерин жүргүздү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынтыгында талаптарына жооп бербеген дубалдагы 27 даана жарнактар, эскирген 17 даана көрнөктөр жана жөө жүрүү тротуарлардагы 22 даана штендерлер алынып салынды.

Бул иш-чаралар жарыяланган үч айлык аралыгында жана орнотулган тартипте жыл бою уланат.

Пикир

Оставить комментарий