• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад мэри ийгилик жараткан спортчуларды кабыл алды

Аймак 0

Бишкек, 23.06.23. /Кабар/. Жалал-Абад мэри Эрнисбек Ормоков ийгилик жараткан спортчуларды кабыл алды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн мэр 5-июндан 11-июнга чейин Казакстандын Астана шаарында өткөн самбо боюнча “Азия жана Океания-2023” чемпионатында 98 кг салмак категориясында күмүш медалды багындырган Бекназар Жээмырсаевди, 10-17-июнь күндөрү өткөн тогуз коргоол боюнча Кыргызстандын чемпионатында биринчи орунду багындырган Апал Абдымомунованы жана 3-орунду камсыздаган Акмарал Садыкованы кабыл алып, ийгиликтери менен куттуктады.

Эрнисбек Ормоков шаарыбыздан чыккан спортчуларды жергиликтүү бийлик ар дайым колдоого даяр экендигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий