• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Базар-Коргондо келин колундагы 2 жашар кызы менен дайынсыз болууда

Аймак 0

Бишкек, 23.06.23. /Кабар/. Базар-Коргон районунун Абдираимов айылынын тургуну Айтмамат кызы Айкөкүл жана анын колундагы кызы Айтмаматова Аяна Айтмаматовна изделүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Айтмамат кызы Айкөкүл 23 жашта, ал эми анын кызы 2 жашар.

Учурда Айтмамат кызы Айкөкүлдүн жана кызынын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Айкөкүлдүн бою 160-165 см, ак жэуумал, көзү кара, чачы кара, арык чырай.

Кийген кийимдери: Айкөкүлдүн башында ак түстөгү жоолук, үстүндө кызыл түстөгү көйнөк, кара түстөгү шым, кара түстөгү кроссовки болгон.

"Дайынсыз болуп жаткан Айтмамат кызы Айкөкүл жана анын кызын көргөн-билгендер болсо төмөндөгү телефон номерлерге билдирип коюңуздарды суранабыз: 102, (03736) 5 02 61, 0559 35 16 35, 0997 30 10 15", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий