• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Жалал-Абад: Өкүл Мирзахмедов колдоого муктаж энеден кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 05.06.20. /Кабар/. Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов Аксы районуна болгон иш сапарында колдоого муктаж энеден кабар алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Аксы районундагы Кара-Суу айылынын тургуну Төркүн Кожобекова балдарын жалгыз тарбиялап, өстүрөт. Андан сырткары 6 неберени кошо багат. Турмуш-шарты оор, колунда мал жандыгы жок. Алган пенсиясы дары-дармекке гана жетет. Мындан улам өкүл, жергиликтүү жетекчилер анын үйүнө барып, ал-абалы менен таанышты. Ден соолугунан кабар алып турууну социалдык коргоо бөлүмүнө жана дарыгерлерге табыштады.

Мындан сырткары, Мирзахмедов Төркүн Кожобековага өкүлчүлүктүн фондунан үй-тиричилигине керектүү ар тараптуу жардамдар менен кошо саан уй алып берүүнү убадалады.

Пикир

Оставить комментарий