• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көл облустук ИИБдин кызматкерлери коронавирустан курман болгондорду эскеришти

Аймак 0

Бишкек, 30.07.20. /Кабар/. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери коронавирус пандемиясынын курмандыктарын эскеришти. Бул тууралуу аталган башкармалыктан билдиришти.

“Кыргызстанда коронавирус жайыла баштагандан бери көптөгөн мекендештерибиз каза болду. Алардын ичинде милиция кызматкерлери да бар. Милиция кызматкерлери дарыгерлер сыяктуу эле жарандардын өмүрүн жана ден соолугун сактоонун аракетин көрүп жатышты. Бул бүтүндөй Кыргызстандын эли үчүн чоң жоготуу”, - деп облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Улан Асанбаев жеке кызматкерлердин алдында сүйлөп жатып билдирди.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын административдик имаратынын алдында мамлекеттик желек түшүрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий