• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Чоң-Алай районунда "Эл Аман" мамлекеттик дарыканасы ачылды

Ден соолук 0

Бишкек, 30.04.24. /Кабар/. Чоң-Алай районунун Жалпы дарыгердик практика борборунда "Эл Аман" мамлекеттик дарыканасы жана жаңы рентген кабинети ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Иш-чарага саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулайманов катышты.

Чоң-Алай райондук Жалпы дарыгерлик практика борборунун директору Ысламидин Бакиров министр менен депутатка облустун калкына медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Белгиленгендей, жаңы рентген кабинетинин курулушу Чоң-Алай райондук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, дарыкана имараты демөөрчүлөрдүн каражатына курулган.

Пикир

Оставить комментарий