Бишкек шаардык милициясы жарандарды чагымчылдыкка алдырбоого чакырат

Коом 0

Бишкек, 18.05.24. /Кабар/. Азыркы учурда мессенжерлердеги группаларга белгисиз адамдар мушташта жабыркагандар бар деген жалган маалымат таратып жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Ошондой эле алар шаардыктарды чет элдик студенттер жашаган жерлерге (жатакана) активдүү чакырышууда.

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда Бишкек шаарында чет элдик жарандар Кыргызстандын бир жаранын ур-тепкиге алып жаткан видео тараган. Буга байланыштуу жаштар митингге чыгып жатканын жазышкан.

Бишкек ШИИББ шаардыктарды жана конокторду чагымчылдыкка алдырбоого, ал эми жалган маалымат таратып жаткандарды коомчулукту адаштырбоого чакырып, мындай аракеттер үчүн жоопкерчиликке тартыларын эскертет.

Белгиленгендей, учурда Бишкекте милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө.

Пикир

Оставить комментарий