• 87.86
  • 93.94
  • 1

Бишкек шаарынын аймагында абал туруктуу – милиция

Коом 0

Бишкек, 18.05.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын аймагында абал туруктуу. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда аймактагы абал ИИМдин жана Бишкек ШИИББдин жетекчилигинин толук көзөмөлүндө.

Милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат. Милиция кызматкерлери тарабынан кайгуулдар уюштурулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Коопсуздукту камсыз кылуу максатында милициянын шаардык ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы, ички аскерлер жана башка түзүмдөрү менен бирдикте күчөтүлгөн тартипте коомдук тартипти камсыз кылышат.

"Борбор калаанын бардык көчөлөрүндө транспорт каражаттары үчүн кыймыл калыбына келтирилди" , - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин айрым ЖМКларда Бишкек шаарында чет өлкөлүк жарандар Кыргызстандын жарандарын ур-тепкиге алганы боюнча маалымат чыгып, буга байланыштуу 18-майга караган түнү жаштар чет өлкөлүктөр жашаган жерлерге чогулуп жатканы тууралуу маалыматтар чыккан.

Пикир

Оставить комментарий