• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ысык-Көлдүн Темировка айылында жаңы ФАП пайда болот

Аймак 0

Бишкек, 07.05.24. /Кабар/. Бүгүн Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Темировка айылында фельдшердик-акушердик пункттун жаңы имаратынын курулушуна капсула салынды.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, капсула салуу аземине саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобекова, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев катышты.

ФАПтын имаратынын курулушу “Ас-Сафа” кайрымдуулук фондунун каржылык колдоосу менен башталды. ФАПтын жаңы имаратын үстүбүздөгү жылдын август айында пайдаланууга берүү пландалууда. Ошондой эле ФАП керектүү медициналык жабдуулар жана эмеректер менен камсыздалат.

Пикир

Оставить комментарий