• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Шакиев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Туркенакун Бейшембаевден кабар алды

Коом 0

Бишкек, 07.05.24. /Кабар/. Бүгүн, 8-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Жеңиш майрамын утурлай Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Туркенакун Бейшембаевдин үйүнө барып, кабар алды.

Төрага ардагерди Улуу Жеңиштин 79 жылдыгы менен куттуктап: "Сиз согуштун алгачкы жылдары эле майданга аттанып, көп улуттуу өлкөбүздүн бүтүндүгү жана тынчтыгы үчүн каармандык көрсөткөнсүз. Айрыкча Украина, Белрусь, Венгрия, Молдавия, Румыния жана Чехословакиядагы салгылаштарда жасаган эрдиктериңиз эбегейсиз. Андыктан биздин жаркын жашообуз үчүн кан-жанын аябай, кан майданда жүргөн Сиздей аталарыбыз менен ар дайым сыймыктанабыз”, – деди.

Муну менен катар кылым жашаган аксакалга дөөлөттүү карылык, бекем ден соолук тилеген Нурланбек Шакиев президент Садыр Жапаровдун атынан 100 миң сом тапшырып, өз фондунан да 100 миң сом берди. Андан тышкары, ардагерге ала барган белектерин ыйгарды.

Ал эми ардагер Туркенакун Бейшембаев ыраазычылыгын билдирип: “Сиздин жана башка өлкө жетекчилеринин мамлекет үчүн жасап жаткан иштериңиздерден кабарым бар. Аксакал катары өлкөнү өнүктүрүү багытындагы аракетиңиздерди колдойм. Башкысы тынчтык жана ынтымак болсо, мамлекетибизде ийгиликтер арбый берет. Андыктан, биздин башыбыздан өткөн алаамат кайталанбай, күнөстүү Кыргызстаныбыздын асманы ачык болсун”, – деген тилегин айтып, батасын берди.

Белгилей кетсек, Туркенакун Бейшембаев 1942-жылы Кызыл Армиянын катарына чакырылып, ар кайсы фронттордо күжүрмөндүк менен душмандарга каршы күрөшкөн. Көрсөткөн эрдиги үчүн Ата Мекендик согуштун II даражадагы ордени баштаган бир катар сыйлыктарга татыган. Согуштан кийин Тоң райондук сактык кассасынын башчысы, андан кийин мамлекеттик камсыздандыруу бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштеген. Алты баланы тарбиялап өстүргөн аксакал азыркы тапта небере-чөбөрөлөрүнүн кадырлуу чоң атасы.

Пикир

Оставить комментарий