• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Товарларды маркалоо үчүн жыл башынан тартып 217 миллиондон ашык код берилген

Коом 0

Бишкек, 02.11.22. /Кабар/. 2022-жылдын январь-сентябрь аралыгында "Товарларды маркалоо" автоматташтырылган маалыматтык системасы тарабынан санариптик идентификациялоо каражаттары менен товарларды маркалоонун 217,8 млн коду берилген.

Мамлекеттик салык кызматынан билдиргендей, анын ичинен тамеки продукциясына – 194,7 млн код, алкоголдук продукцияга – 23 млн код, жеңил өнөр жай продукциясына – 95,4 миң код жана бут кийим продукциясына – 960 код берилген.

"Товарларды маркалоо" автоматташтырылган маалыматтык системасында 73 товар өндүрүүчү жана импорттоочу катталып, маркалоо коддорун алышат.

Эске салсак, 2021-жылдын 1-июлунан тартып Кыргызстандын аймагында алкоголдук жана тамеки продукцияларына милдеттүү түрдө маркалоо киргизилген.

Мындан тышкары, 2022-жылдын мартынан тартып пиво продукциясын, бөтөлкөгө куюлган сууну (минералдык, газдалган), суусундуктарды (кант камтыган, газдалган, сергитүүчү жана энергетикалык) жана башка тамеки продукцияларын (сигаралар, сигариллалар, кальяндык тамеки, жыттоочу, чайноочу, никотин камтыган суюктук), ошондой эле никотин жеткирүү түзүлүштөрүн маркалоо боюнча пилоттук долбоор иштеп жатат.

Товарларды маркалоонун максаты - товардын даярдоочудан акыркы керектөөчүгө чейинки жолуна толук байкоо жүргүзүү, ата мекендик бизнести өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, калкты сапатсыз товарлардан коргоо, ошондой эле маркаланган товарларды ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө тоскоолдуксуз берүүнү камсыз кылуу.

Пикир

Оставить комментарий