• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте карды тазалоого 39 техника тартылып, 10 тонна туз себилди

Коом 0

Бишкек, 27.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 27-декабрда, таңкы саат 4:00дөн тарта Бишкектин аймагында “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери шаарды кардан тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, учурда 10 тонна техникалык туз иштетилди. Туз себүү шаардын 133 көчөсүндө жүргүзүлүүдө.

“Тазалоого 39 техника: 26 МАЗ үлгүсүндөгү кар тазалоочу машина, ЗИЛ-130 үлгүсүндөгү эки кум себүүчү машина, эки алдыңкы щетка жана күрөктүү жүктөгүч, беш трактор (Беларусь) жана төрт универсалдуу комбайн тартылган. Ошондой эле 121 жүктөгүч жана 650 тазалоочу нөөмөттө”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий