• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

"Жасалма бөйрөк" аппараттарын мыйзамсыз пайдалангандарга кылмыш иши козголду

Коом 0

Бишкек, 27.12.21. /Кабар/. "Гемодиализ менен жабыркаган бейтаптар биримдиги" коомдук бирикмесинин кайрылуусунун негизинде Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан гемодиализ менен ооруган бейтаптарга медициналык кызмат көрсөтүүнүн, "Жасалма бөйрөк" аппараттарынын сапаты жана бул аппараттардын сертификаттарын каттоонун, берүүнүн, ошондой эле аларды республиканын аймагына импорттоо процессинин мыйзамдуулугуна карата текшерүү жүргүзүлгөн.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө "Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна" (ФОМС) караштуу Бишкек аймактык башкармалыгынын жооптуу адамдары тарабынан гемодиализ кызматтарын көрсөткөн жеке медициналык мекемелерди мыйзамсыз каржылоо фактылары аныкталган.

Мамлекеттик эмес айрым медициналык борборлор бейтаптардын өмүрүнө жана ден-соолугуна коркунуч келтирип, коопсуздугу жана сапаты тастыкталбаган "Жасалма бөйрөк" аппараттарын уруксатсыз түрдө ашыкча орнотуп алышкандыгы такталган.

"Айрым жеке менчик бейтапканалар аталган фонддун (ФОМС) Бишкек аймактык башкармалыгынын кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп алышып, пайдалануу үчүн уруксат документтери жок медициналык жабдуулар менен бейтаптарды кабыл алып келишкен. Натыйжада, алар гемодиализ жүргүзүүгө келген оорулуулардын санын жана сеанстарын ашыкча көлөмдө көрсөтүшүп, республикалык бюжеттен каржыланып келген", - деп айтылат маалыматта.

Башкы прокуратура бул фактылар боюнча көзөмөл органы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 245-беренеси ("Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш иши козголгонун билдирди.

Пикир

Оставить комментарий