• 87.86
  • 93.94
  • 1

Кыргызстанда дары каражаттарын жарнамалоо эрежелерин жаңылоо пландалууда

Ден соолук 0

Бишкек, 27.05.24. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда дары каражаттарды жана медициналык буюмдарды жарнамалоонун жаңы тартибин бекитүүнү пландоодо. Министрлер кабинетинин тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Документте айтылгандай, токтом долбоорунун максаты жана милдети дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жарнамалоонун мыйзамын ишке ашырууну “Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө”, “Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө” КР мыйзамдарынын ченемдерин ишке ашыруу болуп саналат.

Дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жарнамалоо Тартибинин долбоору дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жарнамалоодо колдонулуучу терминдерди жана аныктамаларды ачып берет. Дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды рынокко чыгаруу, анын ичинде ал тууралуу жарнаманы массалык маалымат каражаттарында, электрондук маалымат ресурстарында жана саламаттык сактоо уюмдарында жайылтуу жана жайгаштыруу жол-жоболорун жана талаптарын сүрөттөйт. Материалдардын жарнамасына кирбеген тизмени берет.

Жарнамалык материалдарга талаптарды, тийиштүү корутунду берүү үчүн аларды ыйгарым укуктуу органга берүүнүн тартибин, ошондой эле жарнаманын этикалык критерийлерин белгилейт.

Бул токтом долбоорун кабыл алуу башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгына алып келбейт.

Документ менен шилтеме аркылуу таанышууга болот.

Пикир

Оставить комментарий