• 87.86
  • 93.94
  • 1

Түптө дээрлик 456 млн сомго жаңы мектеп куруу пландалууда

Аймак 0

Бишкек, 27.05.24. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Түп районунда жаңы мектеп куруу пландалууда.

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, аталган курулушка тендер Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак жай жарандык курулуш департаментинин облустук башкармалыгы тарабынан жарыяланды.

Жаңы мектеп 750 орунга ылайыкташтырылып курулмакчы. Сметалык баасы 455 млн 828 миң 172 сомду түзөт.

Сынактык арыздарды берүүнүн мөөнөтү 10-июнга чейин.

Пикир

Оставить комментарий