• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад жана Анькан шаарларынын ортосунда боордоштук мамиле түзүлөт

Аймак 0

Бишкек, 05.02.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаары менен Кытайдын Анькан калаасынын ортосунда боордоштук мамиле түзүү боюнча меморандумга кол коюлду.

Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришкендей, документке эки калаанын мэрлери Эрнисбек Ормоков жана Чай Лии кол койду.

Ага ылайык, эки тарап аймактардын кызматташуу мамилелерин тереңдетип, соода-экономикалык, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу тууралуу макулдашты.

Кытайдын Анькан шаарында 3 млн калк жашайт. Калаада завод-фабрикаларды иштетүү, нанотехнология тармактары өнүккөн.

Белгилей кетсек, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев баштаган делегация Кытайдын Анькан шаарына жумуш сапары менен барды.

Пикир

Оставить комментарий