• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

5 айда Ош фитосанитардык инспекциясы экспортко 1300 сертификат берген

Аймак 0

Ош, 7-июль /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. 2017-жылдын беш айында Ош облустук ветеринардык жана фитосанитардык мамлекеттик инспекциясы тарабынан экспортко 1300 сертификат берилген. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн аймактык өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Райимберди Монокбаев билдирди.

Анын айтымында, Ош облусундагы ветеринардык жана фитосанитардык мамлекеттик инспекциясында 7 фитосанитардык көзөмөл өткөрүүчү пункту бар. «Ош - аэропорту», «Достук», «Кара-Суу темиржолу», «Кара-Суу Терминалы», «Иркештам», «Карамык» жана «Бор Дөбө».

Ушул жылдын беш ай аралыгында экспортко 1300 фитосанитардык сертификат берилген. 590нуна карантиндик текшерүү актысы толтурулган жана 235 жүк лабораториялык анализден өткөн.

2016-жылдын жыйынтыгы менен 3600гө чукул экспортко фитосанитардык сертификаттар берилип, үч миңине карантиндик текшерүү актысы түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий