• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

С.Жээнбековдун Афганистан жана Тажикстан президенттери менен жемиштүү сүйлөшүүлөрү

Саясат 0

Бишкек, 7-июль /Кабар/. Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Афганистандын президенти Ашраф Гани менен эки жактуу мамилелерди талкуулады. Сүйлөшүүлөр Дүйшөмбүдө CASA-1000 долбоорунун катышуучу өлкөлөрүнүн саммитинин алкагында өттү.

С.Жээнбеков Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин атынан Э.Рахмон жана А.Ганини 2017-жылы 25-августта Бишкекте өтө турган ак илбирсти сактоо боюнча эл аралык форумга катышууга чакырды.

Президент Э.Рахмон менен сүйлөшүүдө премьер-министр С.Жээнбеков Кыгызстан Тажикстан менен достук мамилелерге, кызматташууга өзгөчө маани берерин белгиледи.

С.Жээнбеков CASA-1000 долбоорунун расмий башталганына бир жылдан бир аз ашык убакыт өткөнүн эскертип, аны ыкчам ишке ашыруу Кыргызстан менен Тажикстандын туруктуу өнүгүшүнө оң таасир берерине ишеним билдирди. Кыргызстандын премьер-министринин айтымында, долбоордун ийгилиги эки өлкөгө энергетикалык кубаттуулукту өстүрүүдө жаңы мүмкүндүктөрду ачат. Бул өз кезегинде, рынокту кеңейтүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, суу ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга шарт түзөт.

Тажикстандын президенти эки жактуу мамилелерди тереңдетүүнүн, Кыргызстан жана Тажикстандын өз ара колдоолорун кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Э.Рахмон Тажикстан тажик-кыргыз мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселелерин чечүү аракеттерин күчтөндүрүү ниетин билдирди. Ошондой эле, Тажикстандын президенти бул процесстин ийгиликтүү аякташы чек ара аймагында ишенимдүү, туруктуулукту жана коопсуздукту түзөт.

Афганистандын президенти менен жолугушууда С. Жээнбеков А.Ганиге Памирдеги этникалык кыргыздарга паспорт берүү маселесин чечүүдөгү колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Кыргызстандын премьер-министри Афганистандын бийлигине 2016-жылы афган кыргыздарына гуманитардык жүктү жеткирүүдөгү жардамына ыраазычылык айтты.

Премьер-министр С. Жээнбеков кыргыз тарап CASA-1000 энергетикалык долбоорун ишке ашырууга кызыкдарлыгын айтып, бул долбоорду жүзөгө ашырууга Афганистан да кошуларына ишеним көрсөттү.

А. Гани CASA-1000 долбоорунун катышуучу өлкөлөрү менен энергетикалык, санариптик технологиялар тармагында, анын ичинде “Таза коом” долбоору боюнча кызматташууга даярдык билдирди. “Биздин тарап Кыргызстандын бул долбоорду ишке киргизүү демилгесин колдойт”, - деп белгиледи Афганистандын башчысы. Ал CASA-1000, Digital CASA сыяктуу аймактык, ошондой эле, газ жана темир жол тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу өлкөлөр арасында өз ара товар айлантууларын жогорулатарын айтты.

Афганистандын президенти билим берүү тармагында кызматташууну кеңейтүүнү сунуштады. Анын ичинде, афган студенттерине Кыргызстандын окуу жайларында ар түрдүү адистиктер боюнча билим алууга шарт түзүп берүү белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий