• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ананьеводо жарылуудан жабыркагандардын бешинчиси каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 7-июль /Кабар/. Бүгүн Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунда Ананьеводогу газ станциясынын жарылуусунан жабыркагандардын бешинчиси, тагыраагы 1960-жылы туулган А. Б. аттуу жаран көз жумду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, бейтап ооруканага түшкөндө анын абалы оор болгон.

“Бейтап дарыланууну толук түрдө алган. Ошондой эле, тишелүү текшерүүлөрдөн өткөн. Бирок, бейтаптын ден соолугу 7-июлда саат 12:30дар чамасында начарлап, дем алуусу жана жүрөгү токтоп калган”,- деп билдирет ведомствонун өкүлдөрү .

Учурда интенсивдүү күйүк бөлүмүндө эки, күйүк бөлүмүндө эки бейтап дарыланууда.

Эскерте кетсек, 19-июнда Ысык-Көлдөгү Ананьево айылында газ толтуруучу станцияда жарылуу болгон. Ошол жерден эки адам каза болгон. 7 адам бейтапканага жеткирилген. 22-июнда Б.А. аттуу 1965-жылы туулган жаран каза болсо, 27-июнда 69-жаштагы төртүнчү жабыркаган жаран көз жумган.

Пикир

Оставить комментарий