• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Ошто мунай базасында өрт чыкты. Жабыркагандар бар

Кырсык 0

Бишкек, 04.07.23. /Кабар/. Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак айылында жайгашкан жеке менчик “Россия нефть” базасында өрт чыкты. Кырсык тууралуу билдирүү 3-июлда саат 18:20да кабарланган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жерине эки күжүрмөн эсеп тартылып, жалын саат 19:01де толугу менен өчүрүлгөн.

Өрт кырсыгынын кесепетинен бензин сордуруучу насос, оор жүк ташуучу DAF үлгүсүндөгү автоцистернасы күйгөн. Мындан сырткары, эки адам жаракат алып, медицина кызматкерлерине өткөрү берилген.

Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий