• 87.86
  • 93.94
  • 1

ЮНИСЕФ Жалал-Абад облусунда саламаттык сактоо тармагын жакшыртууга көмөктөшөт

Аймак 0

Бишкек, 23.05.24. /Кабар/. ЮНИСЕФ Жалал-Абад облусунда саламаттык сактоо тармагын жакшыртууга көмөктөшөт. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлү Абсаттар Сыргабаевдин БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы жетекчиси Самман Жунг Тапа менен жолугушуусунда айтылды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушууда тараптар буга чейин Жалал-Абад облусу менен ЮНИСЕФтин ортосунда ишке ашырылып келген долбоорлор жана алдыдагы пландары тууралуу пикир алмашты.

Анда маалым болгондой, уюм 2024-жылы облустун айыл-аймактарындагы калктын ден соолугуна кам көрүү үчүн телемедицина долбоорун ишке ашырууну көздөөдө. Бул демилге алыскы аймактардагы бейтаптардын маалыматын жогорулатып, аралыктан амбулатордук дарылануусуна шарт түзөт.

Уюмдун жетекчиси Самман Жунг Тапа Жалал-Абад облусу буга чейин да социалдык чөйрөнүн, анын ичинен балдарга арналган долбоорлорду ишке ашырууга жакындан көмөк көрсөтүп келе жатканын белгиледи.

Облус башчысы Абсаттар Сыргабаев ЮНИСЕФтин натыйжалуу кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирип, алдыда пландалган долбоорлорду ишке ашырууда ар тараптуу колдоолор көрсөтүлөөрүн кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий