Жалал-Абад облусу менен Казакстандын Актөбө облусу кызматташат

Аймак 0

Бишкек, 23.09.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусу менен Казакстандын Актөбө облусу кызматташат. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев 22-23-сентябрь күндөрү министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жетектеген мамлекеттик делегациянын курамында Казакстандын Тараз шаарында өтүп жаткан кыргыз -казак өкмөттөр аралык Кеңешинин 11-жыйынына жана Кыргызстан менен Казакстандын I аймактар аралык кызматташтык форумуна катышууда.

Анын алкагында трезиденттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Казакстандын Актөбө облусунун акимчилигинин ортосунда бир тууган облус мамилелерин түзүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий