• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абадда “Ариет” чыгармачылык борбору район-шаарларга жомок театрын тартуулап жатат

Аймак 0

Бишкек, 6-апрель /Кабар/. Жалал-Абад шаарында жайгашкан балдардын “Ариет” чыгармачылык борборунун шыктуу өнөрпоз балдары “Кумурска жана ийнелик” аталышындагы жомокту сахнага алып чыгышып, түштүк аймагындагы район-шаарлардагы мектептердин окуучуларына тартуу кылып жатышат. Алар алгачкы аракеттерин Көк-Жаңгак шаарындагы мектептерден башташты. Балдар чыгармачылык борборунун мындай аракеттери АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (ЮСАИД) “Бирге окуйбуз” долбоорунун алкагында жүрүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган борбордун жетекчиси Жыпара Аманкулованын айтымында, бул долбоор балдардын аң-сезиминин өсүшүнө зор таасирин тийгизет, себеби жомок жана аны сахналаштыруу аркылуу келечек муундардын дүйнөгө болгон туура көз караштары калыптанат.

“USAIDдин “Бирге окуйбуз” долбоорунын алкагында биз ушул жомокту таланттуу окуучуларыбыздын күчү менен сахнага алып чыктык. Балдар дүйнөнү куру сөздөр эмес, жомок жана көркөм чындык менен жакшыраак кабыл алышат. Бул жомокто китепти сүйүү, жалкоолуктан арылуу, келечекти туура тандоо сыяктуу баалуулуктарды окуучуларга жеткирүүнү максат кылдык. Биз сахналаштырган жомоктор көрөрман-окуучуларга аябай жагып жатканы байкалууда”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарындагы балдардын “Ариет” чыгармачылык борбору 2016-жылы 25 жашын белгилеген. Анда ар кайсы багыттагы чыгармачылык ийримдер уюштурулуп, шаардагы мектептерде окуган окуучулар ал жерде өздөрүнүн кругозорун, чыгармачылык дараметин өнүктүрүү менен алек болушат.

Пикир

Оставить комментарий