• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Чек арадагы чыр. Баткенге психологдор жөнөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 30.04.21. /Кабар/. Баткен облусундагы чек арада куралдуу жаңжал болгон жерге психологдор жөнөтүлдү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн эртең менен саламаттык сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов Ош, Баткен, Жалал-абад облустарынын саламаттык сактоо уюмдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда онлайн-кеңешме өткөрдү. Алар эвакуацияланган жарандарга психологиялык жардам көрсөтүү боюнча жардам сурашты.

Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 4 психолог жөнөтүлдү, кийинчерээк дагы жиберилет.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Мындан сырткары, чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлгөн.

Акыркы маалыматтарга караганда, чек арада чыккан чырдын кесепетинен 13 адам каза болуп, 134 киши жабыркады.

Кечээ, 29-апрелде Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлеринин ортосундагы бир нече сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча саат 20:00дөн баштап ок атууну толугу менен токтотууга жана аскердик күчтөрдү мурунку турган абалына алып кетүү келишимине жетишилген.

Ал эми президенттин аппаратынан маалымдашкандай, Баткен облусунун кыргыз-тажик тилкесиндеги абал президент Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө.

Пикир

Оставить комментарий