• 87.86
  • 93.94
  • 1

Сокулукта архитектура башкармалыгынын жаңы имараты пайдаланууга берилди

Коом 0

Бишкек, 23.05.24. /Кабар/. Сокулук районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын административдик имаратынын кошумча курулушу аяктап, ишке берилди. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Мамкурулуш агенттигинин директорунун орун басары Талант Иманакун уулу, Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунун директору Замира Кангелдиева, Сокулук районунун акими жана райондук архитектура боюнча башкармалыктын башкы архитекторлору жана башкалар катышты.

Имараттын жер тилкенин жалпы аянты 1811,4 чарчы метрди түзөт, анда бирдиктүү терезе, күтүү залы, 5 иш кабинети, конференция залы, кабылдама жана башкалар каралган. Жаңы имараттын пайдаланууга берилиши менен Сокулук районунун тургундарын тейлөөгө жагымдуу шарт түзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий