• 87.86
  • 93.94
  • 1

Каракол шаарында жол кырсыгынан бир аял каза болду — видео

Кырсык 0


Бишкек, 22.05.24. /Кабар/. Каракол шаарында дем алыш күнү жол кырсыгынан бир аял каза болду. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-май түнү саат 21:40 чамасында Карасаев жана Жамансариев көчөлөрүнүн кесилишинде "Мазда-Трибут" жана "Фольксваген-Пассат" автунаалары сүзүшкөн. Натыйжасында 1 жаран (аял киши) каза болуп, бешөө облустук ооруканага кайрылышкан.

"Бул жол кырсыгы Каракол ШИИБдин электрондук журналына катталып, тергөө кызматы тарабынан тиешелүү териштирүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий