• 87.86
  • 93.94
  • 1

13 миң адам социалдык контракт аркылуу бизнес-идеяларын ийгиликтүү ишке ашыра алды – президент

Президент 0

Бишкек, 22.05.24. /Кабар/. 13 миң адам социалдык контракт аркылуу бизнес-идеяларын ийгиликтүү ишке ашыра алды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-майда "Жаңы кадам" социалдык мобилизициялоо боюнча жалпы республикалык кеңешме учурунда билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында, “Социалдык контракт” программасы үч жыл мурун Баткен облусунун Кадамжай районунан жана Нарын облусунун Жумгал районунан 100 гана адам катышкан пилоттук долбоордон башталган. Бүгүнкү күндө социалдык контракттын түздөн-түз пайдасы 70 миңден ашуун адамга тийип жатат.

“100 үй-бүлөнүн баары киреше ала баштаганда, долбоордун натыйжалуулугу белгилүү болуп, биз кийинки кадамга – долбоорду бүткүл республикага жайылтууга белсендик. Эки жылдын жыйынтыгын баамдап көрсөк, социалдык контракттын катышуучуларынын 77 пайыздан ашыгы апта сайын 5 миң сомго чейин киреше алышса, 22 пайыздан ашыгы 10 миң сомго чейин апталык киреше алып жатканы белгилүү болду. Бул социалдык келишимге катышкандар үчүн да, жалпы мамлекет үчүн да экономикалык натыйжанын жана жетишкендиктин далили. Мен учурдан пайдаланып, ушул программаны ишке ашырган Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин кызматкерлерине, жер жерлердеги адистерге жана активисттерге ыраазычылык билдире кетейин”, - деди Садыр Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий