• 87.86
  • 93.94
  • 1

Аламүдүн айылында тигүү цехиндеги чет элдиктерге кол салгандар кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 22.05.24. /Кабар/. Чүй облусунда чет элдик жарандарга каршы массалык баш аламандык уюштурууга шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-майга караган түнү саат 04:30 чамасында Аламүдүн айылындагы Курманжан-Датка көчөсүндө жайгашкан "А-С Т" ЖЧКнын тигүү цехине 60-70 белгисиз адамдар келишкен. Алар тигүү цехинин мүлкүн талкалап, ошол жерде жашап иштеген Индия, Бангладеш жана Пакистандын жарандарын денесине залал келтирип, акчаларын, уюлдук телефондорун жана башка мүлкүн ээлеп алып качып кетишкен.

Аталган факт каттоого алынып, КР Кылмыш-жаза кодексининн "Массалык баш аламандык" беренесинде көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө башаламандыктын натыйжасында "А-С Т" ЖЧКсынын тигүү цехине материалдык зыян келтирилип, 14 чет элдик жаран ар кандай дене жаракаттарды алып, алардын үчөөсү ооруканаларга жаткырылганы аныкталган.

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары 1968-жылы туулган Б.Б., 1995-жылы туулган Т.Б., 2003-жылы туулган Д.Б., 2003-жылы туулган Р.А. жана 2005-жылы туулган А.К.лар кармалып, алар убактылуу кармоочу жайга камалышты.

Шектүүлөрдүн үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, кылмыш иши боюнча буюм далилдер (5 даана "Редми", "Самсунг" үлгүсүндөгү уюлдук телефондор), чет элдик акча каражаттар, тактап айтканда "рупий", ар кандай номиналдагы сомдор, кылмышка шектүүлөрдүн кылмыш болгон күнү кийип жүргөн кийимдери табылып алынган.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий